2022-09-18 08:54:06
Намысыңды, наркыңды билип, кыргыз,
Нагыз улуу дүйнөңө кирип кыргыз.
Кокту-колот жериңди коё туруп,
Кол башында муштумдай бирик кыргыз!
БУУДАНЫҢДЫ КАЙРАДАН МИНИП КЫРГЫЗ,
БҮТ МИЛДЕТТИ МОЙНУҢА ИЛИП КЫРГЫЗ.
БАШКАЛАРГА КОЛ СУНУП ЖАЛДЫРАБАЙ,
БАЙРАГЫҢДЫН ТҮБҮНӨ БИРИК КЫРГЫЗ!
Турпагыңа белгиңди чийип кыргыз,
Тууңду көтөр ар дайым бийик кыргыз,
Түркөйлөргө чөгөлөп тизе бүкпөй,
ТҮНДҮГҮҢДҮН алдына бирик кыргыз!
546 viewsedited 05:54