Кечирүү бул-жүрөктөгү таарынычтын тамырын жулуп, капалыктын ка | Жүрөккө жеткен сөздөр💐
Кечирүү бул-жүрөктөгү таарынычтын тамырын жулуп, капалыктын кара туманын таркатуу. Өчтү өчүрүп, кекти кечирип, күмөндү күм-жам кылуу. Арам санаадан арылып, анын дат баскан изин замзам булагы менен чайкоо.
Кечирүү-жүрөктү керексиз, зыяндуу, жагымсыз жүктөн арылтуу.
Бош үйдүн ууруга, таза жүрөктүн шайтанга кызыгы жок. Каракчы көр дүйнөсү көп үйдү бута кылгандай, шайтан да ыза-муңга, арман-өкүткө, ачуу кекке, көралбастыкка, жек көрүүгө толгон жүрөктөргө чабуул жасайт.
Азиянын арстаны