Get Mystery Box with random crypto!

​​​​Ассалам алейкум, урматтуу ага-ини, эже-карындаштар! Өтө к | ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

​​​​Ассалам алейкум, урматтуу ага-ини, эже-карындаштар!

Өтө кубанычтуу жаңылык !!! 



Иордания мамлекетинде жайгашкан W.I.S.E (The World Islamic Science & Education) университетинде, Ислам укуктарын жана мыйзамдарын, Ханафий мазхабынын багыты боюнча, атайын адистештирип келе жаткан «Ханафий юриспруденциясы» факультетинде, эң алгачкы жолу «ОНЛАЙН» окутуу бөлүмү ачылып, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөгү абитуриенттер үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Замандын талабына ылайык эч кайда сапар тартпастан,  «Ханафий юриспруденциясы» адистиги боюнча БАКАЛАВР даражасын, көрүнүктүү устаттардын кол астында, Ханафий мазхабындагы эң тандалма китептерди «ОНЛАЙН» окууга эң мыкты шарт түзүлдү.
 
Окутуу өзгөчөлүктөрү:

1.     Иордания мамлекетинин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензияланган, университеттин бакалавр даражасындагы дипломго ээ болуу.
2.     Окуу мөөнөтүндө, узак убакыттык сапар тартууга муктаждыктын жоктугу.
3.     Ханафий мазхабындагы Фикых илимдери боюнча «Мухтасаруль Кудурий», «Аль – Ихтияр», «Шархуль – Викоя», «Нуруль – Анвар», «Мажаллатул Ахкам» ж.б.у.с. эң тандалма китептер окутулат.
4.     Ошондой эле Акыйда илимдери, Ислам этикасы, Ислам саясаты, Ислам маданияты жана Исламдагы соода-сатык боюнча атайын тереңдетилген предметтер өтүлөт.
5.     Бир семестрге студент алган программасына ылайык (300) доллардын тегерегинде контракт төлөйт.
6.     Экзамендер «онлайн» форматта болот.
 

Окуу системасы:

1.     Окуу бардык жабдыктар камтылган «Microsoft Teams» платформасы аркылуу, аптасына бир жолу ишемби (суббота) же жекшемби (воскресенье) күнү, сегиз саат мөөнөт аралыгында, жандуу түрдө, түзмө-түз берилет.
2.     Студент платформадагы өздүк баракча аркылуу, студентти предметти мыкты деңгээлде түшүнүүсүнө жардам берген, өтүлгөн сабактардын интеллектуалдык схемаларын, поверпойтторун пайдалануу менен бирге,  видеозапистерди көрүп чыгып, жалпы берилген тапшырмаларды аткарат.
3.     Бир жылдык окутуу эки семестр жана жайкы семестден куралат, (жайкы семестрдин контрагы аз болот)
4.     Регистрация 11 класстын аттестатын тапшыруу жана платформадагы өздүк баракчаны тастыктоо аркылуу, эң оңой жол менен жүргүзүлөт.
5. Баары окуса болот (эркек-аял, жаш-кары)
6. Окууну студенттин аракетине жараша 3-4 жыл аралыгында бүтүрсө болот.
7. Сабактар араб тилинде болот.
 
 
Сурап билүү үчүн жана катталуу үчүн:

+996773998969
(Абдулазиз Калмурза уулу)

+962785019521
(Болот Абдылда уулу)

Хадис:
«Жакшылыкка жол көрсөткөн, аны кылганга тете» Тирмизи: 2670