Get Mystery Box with random crypto!

Nano Kyrgyz

Telegram арнасының логотипі googlekyzyktar — Nano Kyrgyz N
Telegram арнасының логотипі googlekyzyktar — Nano Kyrgyz
Арна мекенжайы: @googlekyzyktar
Санаттар: Технологиялар
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 2.60K
Арнадан сипаттама

Google, телеграм, телефон кызыктары.
Реклама боюнча @bek_admin00 кайрылыңыз
👆Толька реклама боюнча жазыңыз, башка суроолорго жооп берилбейт.

Ratings & Reviews

2.00

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

1

1 stars

1


Соңғы хабарлар 7

2022-01-27 08:22:39
NFT платформасында селфилерин миллион долларга саткан 22 жаштагы жигит!

– Акыркы 5 жылдан бери ал дээрлик күн сайын компьютердин алдында отуруп сүрөткө түшө баштады. Максаты бүтүрүү кечесинде дээрлик 1000 селфиден турган видеону тартуу болгон. Бирок бул ою өзгөрүп кетти.

- OpenSea сайтында жарыяланган селфиге болгон индонезиялыктардын популярдуу кызыгуусунан кийин анын селфи коллекциясы жалпысынан 317 эфирге (криптовалютага) же 1 миллион доллардан ашкан.

- Кызыкчылыктын туу чокусунда бир селфинин баасы 0,9 эфирди, 3 миң доллардын тегерегинде болчу. "Менин селфилерим башкаларга кызык" деп- ойлогон эмесмин, дейт бала.

P/s: 5 жылдык мээнети өзүн актаптыр

@googlekyzyktar
1.1K views05:22
Ашу / Түсініктеме
2022-01-27 05:42:59
NFT деген эмне?

NFT аббревиатурасы өзгөрүлбөгөн токендерди билдирет. Токендерди түшүнүү үчүн, алар кандай чөйрөдө бар экенин түшүнүү керек - бул учурда, блокчейнде.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, блокчейн – бул бир эле учурда көптөгөн компьютерлерде сакталган маалымат базасы. Интернеттин салттуу моделинде бардык түзмөктөр борборлоштурулган түйүндөргө туташтырылган (серверлер же интернет-провайдерлер түрүндө), ал эми блокчейн башка жол менен иштейт. Бул кандайдыр бир борбордук түйүндөрдү камсыз кылбайт; анын тутумунда бардык түзмөктөр бир эле учурда блокчейнде жарыяланган бардык маалыматты сакташат.

Ар бир NFT уникалдуу жана бир нускада бар, аны бөлүүгө болбойт жана анын автору, сатып алуучусу жана аны менен болгон бардык транзакциялар тууралуу бардык маалыматтар блокчейнде коопсуз сакталат. Башка сөз менен айтканда, NFT уникалдуу объектке тиркелген санариптик күбөлүк болуп саналат.

@googlekyzyktar
1.2K views02:42
Ашу / Түсініктеме
2022-01-26 19:57:40
Жакында Facebook жана Instagramда NFT түзүү жана сатуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

- Meta Facebook жана Instagram колдонуучуларына NFT түзүүгө, көрсөтүүгө жана сатууга уруксат берүү пландарын карап жатат.

- Технологиялык гиганттын пландары ишке ашса, бул NFTтин эң чоң жардамчысы болуп, санариптик дүйнөдөгү талаштуу активдердин позициясын бекемдейт.

Баса NFT эмне экенин билесизби

@googlekyzyktar
500 views16:57
Ашу / Түсініктеме
2022-01-26 06:30:58
Xiaomi өзүнүн жаңы кара логотибин патенттеди. Компания бул боюнча расмий комментарий бере элек жана логотипти кайсы продукция үчүн колдоноору азырынча белгисиз.

P.S. Бул кайсы продукция үчүн? Эмне деп ойлойсуң?

↳ @googlekyzyktar
15.5K views03:30
Ашу / Түсініктеме
2022-01-26 05:48:54
#реклама
Киви кошелекту идентификациядан откорушунуз керек бирок кимге идентификация кылдырууну билбей жүрсөңүз.
Мен бир баланы сунуштайм.
% Ишеничтүү жана сапаттуу
5 минутада идентификация кылып берет арзан баада.
Байланыш үчүн:
https://wa.me/message/CL5XQAHJ3ND2L1
896 views02:48
Ашу / Түсініктеме
2022-01-25 16:56:51 Аа айтканча блогерликке да кызыгат элем жана азыр тик токер дейби билбейм ошондоймун
825 views13:56
Ашу / Түсініктеме
2022-01-25 16:56:05 Кызыгуу жакшы нерсе, бирок баардык нерсеге кызыга берген жакшы эмес окшойт деген ойго келип калдым.
Ассаламу алейкум! Аягына чейин окуңуз балким сизге пайдалуу болот.
Өзүм тууралуу айтайын дедим, мен негизи аябай кызыгуучу инсанмын эмне жумуш болсо баарын жасагым келет, эмне болсо деле жыгач устабы, темир устабы, телефон оңдой турганбы ж.б баарын кылып көрүүгө аракет кылам жана ушул убакытка чейин көбүн кылгам жана билем.
Жаштыгымдан атам жыгач уста болгон үчүн ага кызыгып кичине үйрөнгөм, андан кийин бир нерселер жасоого кызыгып кеттим магнитафон ошондойлордун маторун алып жүрө турган машина жасайт болчум , андан кийин телефон чыкты аны ичинде эмне бар экен деп ачып көрө баштадым телефон көбөйө баштаганда алардын бузулуп калган жерин оңдой турган болдум кызыгуум өтө күчтүү эле . Андан кийин компьютерге кызыктым аны да жакшы эле үйрөндүм жана үйрөнүп атам. Андан кийин программистке кызыктым аны да аз болсо да үйрөнүп таштап койдум кызгуум башка нерсеге бурулуп кетти Frond end ке кызыгып өтө жакшы үйрөнүп баштадым эле аны да таштап дагы башка нерсеге кызыгып калдым 3D моделге интерер дизайнерликке кызыгып калдым жана азыр ошону үйрөнүп атам. Эми башым иштебей калды эмнени тандоону билбей атам баарын аз аздан билген жакшы эмес экен бир кесипти профессаналы болушун керек экен болбосо болбойт экен. Эми алдымда ушунча кызыккан нерсем бар кайсыны профессионалы болушту билбей калдым чынында кыйын тандоо өзүмдү түшүнбөй атам эмне кылайын деген ой менен жүрөм жана эч нерсе кыла албай атам.
895 views13:56
Ашу / Түсініктеме
2022-01-23 17:04:15
Samsung Galaxy S22 биринчи расмий тизери!

- Смартфондордун жаңы сериясы 8-февралдан тарта сатыкка чыгышы күтүлүүдө.

↳ @googlekyzyktar
987 views14:04
Ашу / Түсініктеме
2022-01-22 15:27:08
#оюн

Эгер сиз оюндарды ойноону жактырсаңыз, бул сайт сиз үчүн. Сиз оюндарды бекер, онлайн же жүктөп алуу менен ойной аласыз. Баса, кааласаңыз, өзүңүздүн "оюнуңузду" түзсөңүз болот
630 views12:27
Ашу / Түсініктеме
2022-01-21 16:00:41 Тик ток аккаунтума соонун видео чыкты көрүңүз
https://vm.tiktok.com/ZSe4nGmkN/
995 views13:00
Ашу / Түсініктеме