Get Mystery Box with random crypto!

Кызыгуу жакшы нерсе, бирок баардык нерсеге кызыга берген жакшы | Nano Kyrgyz

Кызыгуу жакшы нерсе, бирок баардык нерсеге кызыга берген жакшы эмес окшойт деген ойго келип калдым.
Ассаламу алейкум! Аягына чейин окуңуз балким сизге пайдалуу болот.
Өзүм тууралуу айтайын дедим, мен негизи аябай кызыгуучу инсанмын эмне жумуш болсо баарын жасагым келет, эмне болсо деле жыгач устабы, темир устабы, телефон оңдой турганбы ж.б баарын кылып көрүүгө аракет кылам жана ушул убакытка чейин көбүн кылгам жана билем.
Жаштыгымдан атам жыгач уста болгон үчүн ага кызыгып кичине үйрөнгөм, андан кийин бир нерселер жасоого кызыгып кеттим магнитафон ошондойлордун маторун алып жүрө турган машина жасайт болчум , андан кийин телефон чыкты аны ичинде эмне бар экен деп ачып көрө баштадым телефон көбөйө баштаганда алардын бузулуп калган жерин оңдой турган болдум кызыгуум өтө күчтүү эле . Андан кийин компьютерге кызыктым аны да жакшы эле үйрөндүм жана үйрөнүп атам. Андан кийин программистке кызыктым аны да аз болсо да үйрөнүп таштап койдум кызгуум башка нерсеге бурулуп кетти Frond end ке кызыгып өтө жакшы үйрөнүп баштадым эле аны да таштап дагы башка нерсеге кызыгып калдым 3D моделге интерер дизайнерликке кызыгып калдым жана азыр ошону үйрөнүп атам. Эми башым иштебей калды эмнени тандоону билбей атам баарын аз аздан билген жакшы эмес экен бир кесипти профессаналы болушун керек экен болбосо болбойт экен. Эми алдымда ушунча кызыккан нерсем бар кайсыны профессионалы болушту билбей калдым чынында кыйын тандоо өзүмдү түшүнбөй атам эмне кылайын деген ой менен жүрөм жана эч нерсе кыла албай атам.