2020-06-14 23:37:44
Мен сага сөз берем, сенин бул табышмактын жандырмагын тапканга, алтын сертификат алам деп жүргөн мээң жетпейт (Тамаша)
Дүйнөдөгү эң оор табышмак
Сен туткунсуң деп элесететли. Эркиндикке чыгышың керек болчу, бирок чыгыш үчүн мындай бир шарт бар:
Алдыңда эки эшик бар, бирөө - өлүм, бирөө - эркиндикке алып барат. Эшиктин жанында 2 кароолчу бар. Кароолчунун бирөө дайыма калп айтат, ал эми жанындагысы - дайыма чындыкты сүйлөйт. Экөө тең сен берген суроого: "Ооба" же "Жок" деп гана жооп бере алышат. Бирок сен, кимиси, кайсы экенин таптакыр билбейсиң. Сенин максатың, ушул эки кароолчунун бирөөсүнө 1 эле суроо берип, эркиндик кайсыл эшик экенин табышың керек. Сен кайсы суроону берип эркиндике чыгасың?
Эскертүү
Сен суроону 1 эле жолу бергенге мүмкүнчүлүгүң бар.
Ойлонуп таап көрсөң, эгерде ким жандырмагын тапса, анда ал адамдын мээси - дүйнөлүк проблемаларды чечкенге кудурети жетет. Ийгилик!
5.0K viewseldin syimygy, 20:37