Get Mystery Box with random crypto!

Биздин акыл көбүнчө өткөн чакты гана тааныйт. Кыялыбыз бизде б | BookHouse

Биздин акыл көбүнчө өткөн чакты гана тааныйт. Кыялыбыз бизде болуп көрбөгөндөрдү эңсейт. Ушул эки жетишпестик - бизге учурда (азырды) көрүүбүзгө, сезүүбүзгө, баалообузга, учурда туура жашообузга, туура кабыл алуубузга, туура чечим чыгарууга тоскоол болот. Мен жөнөкөй саналуу гана суроолорго кабылганда бир нерсеге көзүм жеткенин байкаганым бар:
1. Бүгүнкү күнүң жакшыбы, жакшы болсо, эмнеси менен жакшы?
2. Бүгүнкү күнүң жаманбы, жаман болсо, эмнеси менен жаман?
3. Эртеңки күнүң жакшы болушун каалайсыңбы, кааласаң, эмнеси менен жакшы болушун каалайысың?
Ушул так жана жөнөкөй үч суроого шашпай түшүнүктүү жоопторуңузду бир дептерге күндө жазыңыз. Күндө окуп туруңуз. Анан бир күнү жакшы бүтүмгө келесиз, майнаптуу чечим чыгарасыз...