Get Mystery Box with random crypto!

Баланы тарбиялоодо аны айыптоо, опузалоо, коркутуу, уруп уятк | Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.

Баланы тарбиялоодо аны айыптоо, опузалоо, коркутуу, уруп уяткаруу - чыныгы жапайычылык.
Ата-энелердин көбү бул жазаларды активдүү колдонушат.

Алар мындай тарбия баланы түздөп, ийгиликке жетишине түрткү болот деп ойлошот. Бирок бул нерседен бала түнт боло баштайт.

Уяткаруудан улам баланын каалоосу, активдүүлүгү жана кандай гана демилгеси болбосун, ал жоголот. Дайыма туура эмес кадамдары үчүн күнөөлөй берүүдөн улам баланын жашоого болгон кызыгуусу жоголуп, ал өзүн эч нерсеге жөндөмсүз адам катары сезет.

Баланы коркутуу дагы жакшы жыйынтык бербейт. Ар кандай сөздөрдү айтып коркуткандан улам бала нес болот, туталанат. Анан бара-бара бала аларды куру сөз катары кабыл алып, ата-энесине болгон ишенимин жоготуп, ар бир сөзүн калп катары кабыл алып калат.

Бала кичине кезиндеги кетирген катачылык глобалдык көйгөй эмес. Андыктан аны өтө айыптап, опузалаган болбойт. Козуно тике карап жакшылап тушундурунуз.