Get Mystery Box with random crypto!

Күнөөлүү сезим Өзүн куноолоп жашаган адам көп. Өткөн каталары | Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.

Күнөөлүү сезим

Өзүн куноолоп жашаган адам көп.
Өткөн каталарын эстеп, чечимдерине өкүнгөндөр көп.
Күнөөлүү сезген адам өзүнө болгон таарынычы күчтүү. Өзүн кечире албай жүргөн адам, башкага дагы кечиримдүү боло албайт.
Бактысыз, жашоого нааразы, адамдардан талаптары жана кутуулору көп. Көп учурда жинденген, капаланган сезимдери менен күрөшүүдө жашайт.
Эмнеге?
Анткени мындай адамдардын самооценка сы төмөн, озуно болгон сый, урмат, сүйүүсү жок. Өзүнө андай мамиле кылган башканы дагы жыргатпайт.

Бул сезим, адамдын жашоо образына айланат. Адамдын келбетин таарынган, күнөөлүү адамга өзгөртөт.

Дайыма меники туура деп жашоо керек деп ойлоп калбаныз. Болгону ар бир сезимдин өзүнүн чеги, пайдасы жана зыяны болот. Баланста жашоо оңой, бирок буга билим керек.

Бул сезим сизди бир процесске туртууго керек.
Мисалы:
- Намаз окубай жүргөн адам өзүн күнөөлүү сезет, сезим сизди барып кыл деп жатканын тушунунуз керек.

- апасына орой мамиле кылган адам өзүн кунолуу сезет. Барып апаңан кечирим сура, же жылуу сөз айтып кел деп жатканын тушунунуз.