Get Mystery Box with random crypto!

Адамдын баш мээси таң калаарлык жана кайталангыс орган Кээде | Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.

Адамдын баш мээси таң калаарлык жана кайталангыс орган

Кээде турмуштагы үзгүлтүксүз шашылышта биз, мээбиздин кандай чоң күчкө ээ экендигин унутабыз, анын мүмкүнчүлүктөрүнүн үстүндө иштөөнү токтотобуз.

Адамдын мээсинин потенциалы (күчү) канткенде кеңеет?

Адамдын мээсинин мүмкүнчүлүгүнүн чегин кеңейтиш үчүн окумуштуулар сунуш кылат:

Балансты сактоо.

Адам өтө көп убакытты, аз убакыттын ичинде жасап коё турган ишке коротот

«Пилдерге мергенчиликке чыкканда, акыл энергиясын коёндорду кармоого коромжу кылба» - деген билдирүү бар.

«Пилдер» болгон жерде - бул биздин негизги иштерибиз жана чын жүрөктөн тилеген каалоо - тилектерибиз,
ал эми «коёндорубуз» - күнүмдүк майда чүйдө түйшүктөр.

Эми мындай, мээнин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатыш үчүн окумуштуулар мындай кеңеш беришет: «коёндорду» бат кармап, а негизги убактыбызды «пилдерге мергенчилик» кылууга жумшайлы.

Алагды кылуучу күчтөрдөн кутулуу.

Азыркы замандагы дүйнөдө көпчүлүк, өздөрүнүн электрондук гатжетисиз жашай алышпайт.

Ошону менен адам девайстарга, өзүн көзөмөлдөөгө уруксаат берет, өзү аларды башкаргандын ордуна.

Ой жүгүртүүнүн бийик деңгээлине жетиш үчүн жана акыл - эс өндүрүмдүүлүгүн өстүрүш үчүн, негизги иштерибизден алаксыта турган факторлордон арылыш керек.

Эсиңерде болсун, гаджеттер - бул каражат, бирок максат жана маанилүү нерсе эмес. Сиз аларды башкарасыз, алар сизди эмес.

Өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу.

Адамдын мээси бир убакта бир нече
ишти аткара албайт. Адамдын мээси бат эле бир маселеден экинчи маселеге секирип турат. Бир эле учурда бир нече жумушту аткаруу, мээнин ишин начарлатат, акыл- эс фунциясын төмөндөтөт, стресс гормондорун күчкө салып иштеп чыгарууга алып келет.

Мээнин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатыш үчүн, бир мезгилде бирден ашпаган иш жасоо керек.

Баамдап түшүнүүнү өөрчүтүү керек.

«Анан», «эч качан» - деген категориядагы ойлорду сөзсүз түрдө колдонбой, унутуш керек.

«Бул жерде» жана «азыр» деген сөздөр жашоодо адамдын кыймылдаткыч күчү.