Get Mystery Box with random crypto!

ХОББИҢИЗДИ ТАПКЫЛА ⠀ Азыр өзүңүзгө жаккан нерсени жасоого убак | Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.

ХОББИҢИЗДИ ТАПКЫЛА

Азыр өзүңүзгө жаккан нерсени жасоого убакыт келди. Сизди кызыктырган тармакта жаңы жөндөмдү үйрөнүңүз. Бул темадагы китептерди окуп, курстарга барыңыз, пикирлеш адамдар менен баарлашыңыз.

Бирок эмне менен алектенгенди жакшы көрөт, эмне хоббиси бар деп сураганда эси ооп калгандар бар. Алар үчүн бул оор жагдай. Алар хоббисин издеп жүргөндүктөн, эмнени жакшы көрөрүн, эмнеге кызыгаарын түшүнүшбөйт.

Сизге хоббиниз жагууну каалайбыз - ар бир адамдын бир нерсеге болгон кызыгуусу жана каалоосу болот.Жөн эле кээ бирлери хоббисинин баркын кетирет, же жөн эле өзүн укпайт, кандайдыр бир ички блоктору бар.

Бул маселеде сизге жардам бере турган окуялардын тизмесин сиздер менен бөлүшкүбүз келет:

"Менин каалоолорум" деп элестетип корунуз. Эмне келди? Ошол нерсени кылып корунуз.
Муну мастер кити барлар терең проработка кыла алышат.

"Мен эмнеге кызыгарымды билем", "Мен өзүмдү угам" деп алдын ала озунузду даярдасаныз жакшы. Өзүңүздү тыншап, денениз ге, сезимдериниз ге көңүл буруңуз.

"Сүйгөн нерсеңди жасоо" жана "Мен эмне кылгым келгенин түшүнгум келет" деп ички сүйлөшүүлөрдү жандыруу жакшы.

"Корком" деген сезимдер келсе, эмнеден коркконуңуздун атын атаныз!
Мисалы :
- "Жакындарым мени түшүнүшпөйт"
- "Алар мага күлүшөт"
- "Акылсыз көрүнүп калам"
- "Аягына чыкпасам, күнөөлүү сезем өзүмдү "
- "Болбой калсачы.. "
Корукучтарды алуу үчүн жок дегенде ошондой жумуш менен алектееген адамдарга конул буруңуз. Алардын басып өткөн жолунан маалымат алып, кайталасаныз болот. Озунузго ишеним орношот. Эң негизгиси кылып корунуз.

Сиздин кандай хоббиниз бар? Жаза кетиниз