Get Mystery Box with random crypto!

Балаңызга бөтөн адамдар ага тийүүнүн кажети жок экендигин үйрө | Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.

Балаңызга бөтөн адамдар ага тийүүнүн кажети жок экендигин үйрөтүңүз.

Ага кимдир бирөө денесине кол тийгизсе, чымчып урса, коркутса мага тийбе деп кыйкырыш керек экендигин, андан башка дагы жол берилгис нерселер бар экендигин эскерте журунуз ( турсасын чечсе, оозунан опсо дагы ж.б). Эгер ошондой абал болсо, анда бала ошол замат сизге баарын айтып бериши керек экендигин түшүндүрүңүз. Жакын адамдары байкеси, атасы дагы кармаганга болбойт деп эскертиниз.

Психологдор беш жаштан он жашка чейин өз атасы зордуктаган кыздан сурашканда эмнеге айтпадын деп.
Ал кыз : баардык аталар ушинтет деп ойлогом деген .
Айтпасак билбейт наристе балдарыбыз.
Айткыла, эскерткиле, уйроткуло озун коргоону.

Баладан эч кимге айтпоону сурангандар да
болоорун, балага мындай учурда да апасына дароо айтуу керек экендигин үйрөтүңүз.
Апалар балдарды анкылдап уруша бербей , жакшы суйлошконду уйронгуло. Силерге айтуудан коркпош керек. Копчулугу апам урушат деп айтышпайт.