Get Mystery Box with random crypto!

3 жаш (2,5-4 жаш) учурунда наристе өзүн билип, өз алдынчалыкк | Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.

3 жаш (2,5-4 жаш) учурунда наристе өзүн билип, өз алдынчалыкка умтулат.

Ал биринчи жолу озу дагы башкалар менен бирдей адам экенин түшүнөт. Ага чейин апасы экоо бир адам деп тушунчу да.

Бул ачылыштын бир көрүнүшү – анын сөзүндө «мен» деген создун пайда болушу.
Анан дагы апалардын шаштысын алган «ЖОК» , «ОЗУМ» деген создор пайда болот ушул убакта.

3 жашка чейин баш чайкап, жок деп, тиштегилеп каршылык корсоткону бул нормальный процесс.

Бала озун инсан катары кабылдап, озунун созунун мааниге ээ экендигин тушунуп, ошону текшергиси келет.

Ошо мезгилде бала ЖОК десе чалкабыздан кетпей, тушунуп турушубуз керек, бала чындап отказ кылган жок, жон гана озунун созу мааниге ээби же жокпу текшергиси келет.

Мисалы: тамак ичкиси келип турса деле создун маанилуулугун текшерип жок деп коюшу мумкун , балам жок деп атат, баланын созун угуш керек деп ачка койбогула анан, уч муноттон кийин кайталап сураганда унутпаныз .

Экинчисинде анан тыпылдап жоноп калышы мумкун столду коздой, себеби биринчи жок дегенине апасы макул болду, созу мааниге ээ экендигин тушунду.

Эгер сиз биринчи жок дегенине маани бербей койсонуз, бала кыжырланат, ыйлайт, тиштегилейт, ынжыктайт, себеби силер баланы тоготпой атасынар.

Апалар кана айткылачы эмнеге анын жок дегенин тоготпой атасынар?
Эмнеге маани бербей атасынар аа?

Ээ силерди десе уруш керек, тоготпогон апаларды , балдарынарга болушуп коеюн

Балдарынарды менин атыман ооп койгула