Get Mystery Box with random crypto!

Майда моторика - өнүгүүнүн ачкычы деп окумуштуулар далилдеген | Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.

Майда моторика - өнүгүүнүн ачкычы деп окумуштуулар далилдеген.

Бугун биз колдун моторикасы жонундо соз кылабыз.

Баланын жогорку психикалык функцияларын: көңүл буруусун, эс тутумун, сүйлөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүдө манжалардын активдүүлүгү абдан маанилүү. ( Билет белениз?)

Эгер сиз өзүңүз баланын алаканына массаж жасасаңыз, ага ар кандай зыянсыз нерселерге, жалбырактарга, таштарга жана башкаларга тийүүгө уруксат берсеңиз, анда сиз өнүгүүсүнө жардам бересиз. Алаканга массаж жалпысынан сонун нерсе. Бул массаж баланы тынчтандырууга жардам берет, эгер ал ачуулуу же тентек болсо, анын көңүлүн бурат.

Массаж төмөнкү схема боюнча жүргүзүлөт: биринчиден, ар бир манжа жогорудан ылдыйга чейин (тырмактан алаканга чейин) майда майда баскыланыз. Андан кийин баланын алаканында тегерек кыймылдар сааттын жебеси боюнча жасаныз.

Ошондой эле моторика онуктуруучу оюндар ото коп. Булар баланын онугуусу үчүн абдан маанилүү!

Баланын жалпы моторикасын өнүктүрүү вестибулярдык аппараттын калыптанышына, булчуңдардын жана муундардын чыңдалышына өбөлгө түзөт.

Балдар үчүн спорттук ийримдер жок деп ата-энелер көп даттанышат. Бирок бул жөндөмдөрдүн баарын уйдон онуктурсок болот.

Топ ойноңуз, фитболду колдонуңуз, "шакек ыргытуу" сатып алыңыз, балаңызга шакек ыргытууну жана анын ичине секирүүнү үйрөтүңүз!

Кээ бир оюнчуктар популярдуу, башкалары аз, бирок баарынан мурда сиз баланызга пайдалуусун танданыз.
Оюнчукту популярлуу, рекламасы кучтуу дебей, акыл эсин, манжаларын ж.б онуктуробу ошого конул бурунуз.

Анда эмесе бугун сторизге моториканы онуктууручу оюндарды коелу ээ , кандай дейсиз?

Моторика деген созду тушундунузбу?

Сиз сторизди коросузбу?

Дагы эмнелерди билгиниз келет моторика жонундо?

Сиздин берген суроолорго, сторизден жооп аласыз .

#моторика#атаэне#тарбия#атаэне#балатарбиясы#моторикарук#колдунмоторикасы#