Get Mystery Box with random crypto!

Эн коп келген суролордун бири садик тууралуу. Балдарды сади | Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.

Эн коп келген суролордун бири садик тууралуу.

Балдарды садикке беруу жашы 2,2-2,6 жаш деп эсептешет психологдор. Бирок мен 3,5 жаштан берсе жакшыраак деп ойлойм.

Бала бакчага алгачкы барганда дароо толук кунго таштабаныз. Эки, уч сааттан баштаныз. Биринчи куну эки саат таштап, бир сааттан кобойто баштаныз.

Барганда балаңызга ыңгайлуу шарт түзүп бериңиз. Ага сүйүктүү оюнчугун өзү менен алып кетүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз, ал өзүнө жаккан гардеробду тандап алсын. Кана балам тандачы, кайсы жерге кийимдеринди коесун деп тандоого мумкунчулук берип коюнуз.

Бала бакчага көнүү учурунда баладан үйдө тил алчаак, акылдуу болушун талап кылбай турунуз. Журум турумуна, кыймыл аракетине асылбай турунуз. Себеби бала психологиялык жактан абдан чарчайт. Алардын нервный системалары толук кандуу орчуй элек болгондуктан эмоциясын башкара албайт.
Баланы тушунуп туруу биздин колубуздан келет апалар .
Үйдө ал озунун эмоцияларын чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги маанилүү.

Мейли Мультик коруп жатсын, суйлогусу келбесе кыйнабаныз же тескерисинче ызы-чуу салып, кыйкырып, чуркай берсин. Ал өзүнүн психикалык абалын компенсациялоону жана тең салмактуулукту сактоону уйронуу керек ошентип. Аны уйронууго биз тоскоолдук кылбай туралы.

Садикке конуу учурунда баланы башка кружокторго алып барбай турунуз.

Анан дагы уйунуздо ымыркай келгенине бир ай болгондо, баланы садикке алып барсаныз эки эсе стресс болот.
Себеби мени жакшы корбой калышты, эми менин керегим жок деген ойлордон кыйналышат.

Ошондуктан сиздин экинчи, учунчу баланыз торолгондо, чондорун уч айдан кийин садикке берсениз болот, бул ото маанилуу.