Get Mystery Box with random crypto!

Бир күн

Telegram арнасының логотипі azamatkgde — Бир күн Б
Telegram арнасының логотипі azamatkgde — Бир күн
Арна мекенжайы: @azamatkgde
Санаттар: Блогтар
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 344
Арнадан сипаттама

instagram.com/azamatkgde

Ratings & Reviews

2.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

2

1 stars

0


Соңғы хабарлар

2023-01-13 15:49:38 Бүгүн менде күч түгөндү
46 viewsAzamat Toktakunov, 12:49
Ашу / Түсініктеме
2023-01-12 14:44:23 Бүгүн шай жок, бирок чөйрөнүн үстүнө иштегенге бир аз убакыт бар. Өзүмдү кантип мотивация кылсам деп ойлонуп, өткөндө интернеттен окуган бир ой келди.

Сен ким экениңди төрөлгөндө каның, ата-энең, айлана-чөйрөң аныктайт экен, ал эми сен өлөөрдө, жашооңдогу кабыл алынган чечимдер аныктайт экен. Жөн отура бербей, барып иш жазайын деп ойлондум.
21 viewsAzamat Toktakunov, 11:44
Ашу / Түсініктеме
2023-01-12 11:23:46 Футбол өзү саат 17:00 башталмак, аны болсо 3-ай мурун эле пландап баштаган корпоративдик чаттарда. 10 минута калганда барсам, эң акыркы келиптирмин. Беште башталат дегени, чечинип-кийинип, поляга чыгып, разминка кылып, топту ортого коюп башташ керек, немисчеси. Командалар мурда эле бөлүнүп коюшкан.

Ал эми ресторанда, тамакты жеп бүткөн соң, каалагандар кассага барып, төлөп, коштошуп, үй жайына кете берет. Баары жеп бүтүп, счетту бир суратпай.
52 viewsAzamat Toktakunov, 08:23
Ашу / Түсініктеме
2023-01-12 11:17:55 Кече футбол бүткөн соң, отуруш болду коллегалар менен. Түрк ресторанына бардык. Эт жедик. 30 кишидей келди окшойт. Футбол бүткөн соң, ресторанда отурганда дагы эч ким сүрөткө түшкөн жок, телефондорун алып чыккан жок, инстаграм, фейсбуктарга сторис, пост же рилс жасаган жок. Жөн эле тамак жеп, тамашалашып, сүйлөшүп отурдук. Жалаң немистер жана мен. Өнүккөн Батыш Европа.
56 viewsAzamat Toktakunov, 08:17
Ашу / Түсініктеме
2023-01-11 17:27:48 Азыр болсо Дотрмундтагы музыка мектебине келдим. Арсен скрипка чертет. Өткөн жылдан баштап оркестрга бара баштаган. Бүгүн жаңы жылда биринчи репетиция

Анан жумушта футболдук турнир уюштуруптур, коллегалар болуп топ тээп келем

Бизде күн жылуу, 9-10 градус. Күн тийип турат
90 viewsAzamat Toktakunov, 14:27
Ашу / Түсініктеме
2023-01-11 17:24:08 Кутуча жана Чөйрө Media долбоорлорунда Чөйрөнүн орусча баракчасына жаңы ат тандап атпбыз.

Ага чейин KD болуп кардарга жолуктук, команда жасап жаткан интернет-магазин жакты, албетте Zappos‘ту мисал кылып атсак.

Чөйрөнүн сайтын өзгөртүп жатпбыз, жакшы дизайн таптык.

Кеч болсо дагы Баткен өкмөтү менен сүйлөштүм. Лейлекте Чөйрө Жаратман Борбор ачылат. Жакын арада жарыяларды беребиз.
89 viewsAzamat Toktakunov, 14:24
Ашу / Түсініктеме
2023-01-11 13:45:47 Бул жерде атайын комментарийлер жок. Ооба, балким суроо бергенге оңой болмок, бирок мага таза болуп турганы жагат. Жазып жаткан ойлорго толкоо болбойт, окуучуларга аябай эле керек болуп жатса, Чөйрө Форумунда бир тема ачып койдум, ошол жерге жазсаңар болот ;) https://t.me/choyroforum/8327
100 viewsAzamat Toktakunov, 10:45
Ашу / Түсініктеме
2023-01-11 13:32:39 Бүгүн жазбасам, ошо менен унутулуп калат =)

Чөйрө негизи иштеш керек эле, бирок чөйрөчүлөр общий чатка жазбай эле, кайрадан мага личкага сонун идеяларын жазып келишет. Ошондой эле IT боюнча суроолорду.

Бүгүн күн таң атпай башталды. Чөйрөнүн орусча баракчасына ат тандап жатабыз.

Мамлекеттик кызматкер менен жолукмак элек, келбей койду. МоМ менен өзүбүздүн иштерибизди сүйлөшүп алдык. Жакын арада экологияга жана краудфандингке байланыштуу бир долбоор баштасакпы деп атабыз.

Бир белгилүү болгон фондтун жетекчиси менен сүйлөштүм. Жакында алар дагы чоң долбоор жарыялашат экен. Биз болсо Чөйрөгө Фонд ачсакпы деп ойлонуп жатабыз. Тапшырмалар берилди, ушул айда алдыга жылабыз деген ойдомун.
99 viewsAzamat Toktakunov, 10:32
Ашу / Түсініктеме
2023-01-10 17:55:36 ProKG кызматташууудан баш тартты, приоритеттерибиз башка дейт. Каап, Чөйрөнүн орусчасын ошолор менен бирге жасасакпы дегем, макул, өзүнчө улантып кете берели.
129 viewsAzamat Toktakunov, 14:55
Ашу / Түсініктеме
2023-01-10 15:36:29 Бүгүн жумушта жалаң Agile Scrum жолугушуулар. Эртең менен Review/Retro болду, эми Plan кылабыз. KD Devs менен бир жолугушуу бар эле, аны эртеңкиге жылдырдык.

Эртең Баткен мамлекеттик ишкери менен дагы бир жолугушуу бар. Сайт жасап бергилечи деп суранышты, бизге орун бергиле, Чөйрө Жаратман Борборун ачалы деп сүйлөшүп атам. Чөйрө ичинде, Баткенде сайт жасайм дегендер менен бирге иш алып барабыз.

Авигаиль Менаше Берлинде өтө турган жолугушуусун анонс кылдык. Группаларга таратып атабыз. Сын айткандар дагы жок эмес, макул деп ишибизди улантып жатабыз.

Бул жерде ойлорду окуп, фидбек жардам катары 10 минуталык сообщения алдым.

Вастрик деген бир сонун OpenSource код тапкам, платный Чөйрө Клуб ачканга, бирок өткөндө серверден көтөрө албай коюп, DevKurultay чатына жазгам. Мурат мырзага дагы бул тема жакын экен, KidJaz долбоору менен балким коллаборация кылсак болот экен деп сүйлөшүп койдук.

Чөйрө долбоорлорун монетизациясынын концептин өзгөртүп жатам, тилеке каршы Ашар жакшы иштебей калды, башкача идеяларды жасап атабыз.
129 viewsAzamat Toktakunov, 12:36
Ашу / Түсініктеме