Get Mystery Box with random crypto!

Эгерде айымдар ар дайым ресурста болушу үчүн өзүнө инвестиция | Жанар Аралбаева

Эгерде айымдар ар дайым ресурста болушу үчүн өзүнө инвестиция кылбаса( убакыт, энергия, акча) ал өзүнүн күйөөсүнүн ийгилигине тоскоолдук жаратат.
Кантип эле ошондой болсун, тескерисинче мен өзүмөн аяп күйөөм, балдарым үчүн аракет кылсам үй бүлөбүз бекем болуп күйөөбүз мурункудан да катуу сүйүп, сыйлап калат да дешиңиз мүмкүн. Бирок бул жалган үмүт. Эркектерге кызыктуу, өзүн караган, өнүгүп өсүп турган айымдар жагат. Ал эми балдарыңыз сиздин күзгүңүз.

Эгер аял сапаты жок кийим, тамак-аш колдонгон болсо ал күйөөсүн жакырчылыка программалайт

Мен ар дайым айтып келем Аял-энергетикалык борбор. Үй бүлө мүчөлөрүнүн бардыгын тамак жасап курсактарын гана тойгузбастан энергетикалык деңгээлде да азыктандырып турат. Демек бериш үчүн биринчи кезекте өзүңүз толуп турушуңуз керек.

Жолдошуңуздун ийгиликтүү болушун кааласаңыз, бардар жашоодо жашоону кааласаңыз сиз улам акча чектөөлөрүнөн (денежный потолок) арылып турушуңуз керек. Башкача айтканда ар бир адамдын өзүнүн киреше деңгээли болот. Белгилүү бир чекке жетет дагы андан эч аша албайт кандайдыр бир себептер менен. Ал туура эмес ишенимдер болушу мүмкүн, ата тектен келе жаткан мээбиздеги программа болушу мүмкүн ж.б

Элестетиңиз Сиз дүкөндөн 80 000сомдук көйнөк көрүп калдыңыз дейли. Бул учурда автоматтык түрдө оюңузга эмне келет? Бул өтө кымбат мен буга татыктуу эмесмин дегендей мамиле кыласыз, керек болсо жөн эле кармап көргөндөн коркосуз. Чындыгында ал көйнөк кымбат эмес болгону сизде чектөө бар. Анын баардыгы мээдеги программалар

Мээни кантип көндүрөбүз?мисалы бүгүн өзүңүздү пироженое менен сыйлаңыз, эртең сөйкө сатып алыңыз, бүрсүгүнү массажга барыңыз ошентип акырындан чоңойто бересиз. Энергияга толуп баштайсыз. Өзүңүзгө Барктуу, баалуу болуп баштайсыз. Андан кийин айланаңызга. Албетте ички сезимдер өтө чоң ролду ойнойт. Ичиңизден "чувство вины" жеп ии мен балам жок өзүм жеп атам же болбосо күйөөм шым алып бериш керек болчу андан көрө деп ойлоно баштасаңыз анда сиз жакшы жыйынтыка жетпейсиз

Аффирмация кайталаңыз "Мен бардар жашоого татыктуумун, Мен баймын жана бактылуумун"