Get Mystery Box with random crypto!

СИЗДИН ДЕН -СООЛУГУНУЗ МУНОЗУНУЗДОН ДА КОЗ КАРАНДЫ. Мындан эк | Жанар Аралбаева

СИЗДИН ДЕН -СООЛУГУНУЗ МУНОЗУНУЗДОН ДА КОЗ КАРАНДЫ.

Мындан эки жарым миң жыл мурун улуу философ Гиппократ адамдын ден соолугунун жабыркашы тамак-аш, аба же жашоо образынан эле эмес, мүнөзүнөн да көз каранды экендигин айткан. Анын айтымында, мээге таасир эткен нерсе денеге да таасир этет. Демек, адамдын мүнөзү, эмоционалдык абалы кайсы бир оорулардын пайда болушуна себеп болот. Андыктан оору менен күрөшүүдөн мурун мүнөзүңүздү оңдоңуз.

Жүрөк оорулары

Кеңири жайылган жүрөк оорулары сүйүүнүн жетишпестигинен, түнттүктөн улам келип чыгат. Өзүн сүйүүгө татыксызмын деп эсептеп, же ага ишенбей, же сүйүүсүн билдирүүдөн уялган адамдар сөзсүз түрдө жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылары тууралуу илимде айтылган. Андан сырткары жашоодогу маселелерди жүрөгүнө жакын кабыл ала бергендердин да биринчи кезекте жүрөгү жабыркайт. Мисалы, жүрөк булчуңдарынын гипертрофиясына көбүнчө спортчулар кабылышат. Анткени көпчүлүк спортчулар спорт менен саламаттыгы үчүн эмес, ийгиликке жетишүү үчүн машыгышат.

Артрит, гипертония

Артрит оорусуна “жок” дегенди билбеген, баарына макул боло бергендер кабылышса, гипертония менен көбүнчө мойнуна көп жоопкерчиликти алып алгандар, чарчаганын билбей эмгектенгендер дуушар болушат. Буга талапты катуу койгон жетекчилер көп кабылышат. Анткени алар дайым бир эмоцияда жүргөндүктөн тамырларынын тонусу көтөрүлүп кетет да, гипертонияга чалдыгышат.



Бөйрөк оорулары

Бөйрөк оорулары сынды туура кабыл албаган, бардык нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алгандардын тынчын алат. Бөйрөк – жуп орган. Сол бөйрөккө ой менен эмоция таасир этсе, оң бөйрөккө адамдын каалоосу менен эрки таасир этет.

Боор оорулары

Боор адамдын эрки менен байланышта. Бардык нерсе өз эрки менен болуусун каалап, адамдарды өзү каалагандай жашоого мажбурлагандар гепатит оорусуна көп чалдыгышат. Тескерисинче, эрки алсыз адамдардын боору күчүн жоготуп, сезгенүүгө учурайт.

Өпкө оорулары

Өз алдынча боло албаган же өз алдынчалуулукту каалабагандар астма сыяктуу өпкө ооруларына дуушар болушат. Ошондой эле коркок адамдардын да өпкөсү көп жабыркайт. Мисалы, Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда кургак учук оорусу күч алган. Анткени ал убакта адамдар кийинки жашоосу эмне болорун ойлоп коркуп жашашкан. Ал эми бронхитке ашыкча принципиалдуу, өтө түз жүргөн адамдар көп чалдыгышат.

Ашказан оорулары

Психотерапевттердин айтуусуна караганда, ич катуу, колит оорусу менен эски түшүнүктөн арыла албаган, келечекке жаңы көз караш менен карабагандар жана санаачыл адамдар көп оорушат. Агрессивдүүлүк, жек көрүү, көрө албагандык жана коркуу да ашказандын бузулушуна алып келет. Бир нерсеге узак убакыт жинин келтирүү, стресс болуу гастриттин бирден-бир себеби болот. Психотерапевттер айланасындагы адамдарга жылуу мамиле кылган адамдын тамак сиңирүүсү жакшы иштерин аныкташкан. Назиктик ашказанда кан айлануунун жакшырышына, ал эми ак көңүлдүк тамактын жакшы сиңишине себеп болот. Ошондуктан каардуу адамдар арык болушат.

Көз оорулары

Психодиагностикалык көз караштан алып караганда, көзгө байланыштуу маселелер көбүнчө курчап турган чөйрөнү ошол бойдон кабыл алууну каалабагандардын тынчын алат. Алысты жакшы көрө албагандык оптимизмдин жоктугунан жаралса, жакынды көрө албагандык курчап турган чөйрөгө ашыкча каршылык көрсөткөндөн пайда болот.

Инфекциялык оорулар

Каардуу, ачуулуу жана ызакор адамдардын инфекция менен күрөшүүсү начар. Инфекциялык оорулардын пайда болушунун дагы бир себеби – иммунитеттин төмөндүгү. Иммунитет болсо агрессиядан улам төмөндөйт. Натыйжада агрессивдүү адам инфекциялык ооруларга бат чалдыгат.

Тиш оорулары

Чечкинсиздик, өз алдынча чечим кабыл ала албагандыктан улам тиш оорулары пайда болот. Эгер адамдын ою, эрки күчтүү эмес болсо, туруксуз болсо, тиши да бекемдигин жоготот. Анткени тиш күчтү ойдон, эмоциядан жана эрктен алат.

Омуртка оорулары

Аркага байланыштуу маселелер колдоонун жетишпестигинен, өзүнө ашыкча талап койгондон келип чыгат. Омуртка – бул жашоонун дарагы, сөңгөгү. Эгер адам жашоосунда позитивдүү болсо, кечиримдүү болсо, эмгекти сүйсө, омурткасы да чың болот.

Уйкусуздук