Get Mystery Box with random crypto!

Окурманга кеңеш. 1)Окуган китептериңиздеги маалыматтарды ба | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Окурманга кеңеш.

1)Окуган китептериңиздеги маалыматтарды башкалар менен бөлүшүп туруңуз.Бөлүшсөңүз окугандарыңыз эсиңизде калат.

2) Китеп окууга арналган атайын орун болгону дурус.Ыңгайлуу жана абасы таза болгону жакшы.

3)Китеп менен көздүн аралыгы 30-35 см болушу абзел.

4)Китептин жанында дептер болгону жакшы,анткени кызыктуу маалыматтарды,идеяларды жазып туруу сизге пайда.

5)"Помодоро"-усулун колдонуңуз.Б.а.,25 мүнөт окуп ,5 мүнөт тыныгуу жасаңыз,көзгө ыңгайлуу болушу шарт.

6)Окуй турган китептердин тизмесин ар дайым түзүп алыңыз,"эмне окуйм"- деп ойлонбойсуз.

7)"Байларда-чоң китепкана,кедейлерде чоң телевизор болот"-деген жашоодон алынган сөз бар.
Ошондуктан өзүңүзгө жаккан пайдалуу китептерди өздүк китепканаңызга жыйнаңыз.Ал үчүн керек болсо,айлыгыңыздын аз эле бөлүгүн (5%) жумшаганыңыз жетиштүү.

8)Күн сайын китеп окуй турган убактыңыз болгону жакшы.Мисалы,1,2 саат . Эгерде андай мүмкүнчүлүк болбосо ,анда күнүнө 20-30 мүнөт окуңуз.


( @danek_books инстаграм баракчасынан алынды.)