Get Mystery Box with random crypto!

••••••••••••••• Мен бүгүн сезген бактылуулукту башка эч бир кү | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

•••••••••••••••
Мен бүгүн сезген бактылуулукту башка эч бир күн, эч бир учурда таткан эмесмин.

Күн кайнап аткан убакта, инимдин эки дөңгөлөктүү велигин "уурдап", жол бою катар отургузулган теректердин ортосунан зуулдап өткөндө, жүзүмдөн назик сылап өткөн жайкы желди сезгендеги бактылуулукту; великти зуулдатып алып, айылдаштарымдын баары салкын үйүндө "эс алып" жатышканын эстеп, үнүмдүн барышынча ZAYN'дын "Dusk till down' ын ырдаганымдагы бактылуулукту; анан айылыбыздагы кичинекей көлмөчөгө келип, жээгине отуруп, бутумдун учун акырын салып, суунун температурасы мени сыркоолотпошуна ынанып, тиземе чейин сууга салып, бутумду туптунук, балырлуу жашыл көлмөдө ойноткондо сезгендеги балача бактылуу кезимди; колумун учу менен акырын суунун бетин сылап, жээкте ойноп отурган "бала бакча курактуу" балдарга сууну чачканымда, алардын жүзүндөгү күлкүнү көрүп, мен алардан бетер жыргап, улам-улам сууну чачкылагандагы бактылуулукту- ар жылы окуу жыл аягында мектеп директорунун колунан алган "МАКТОО БАРАКЧАСЫ" же "АЛТЫН МЕДАЛЬ", "АЛТЫН ТАМГА" сездире алган эмес.

Мен бүгүн сезген бактылуулукту башка эч бир күн, эч бир учурда таткан эмесмин.

[28.06] [14:48]