Get Mystery Box with random crypto!

Ассаламу алейкум, достор! 2021 эч кимге оңой жыл болбой атат. | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Ассаламу алейкум, достор! 2021 эч кимге оңой жыл болбой атат. Өзүңөр билгендей эле, Баткенде чек ара чыры чыгып, канчалаган үйлөр күйүп кетти. Ошолордун ичинде, Достук айылынын тургуну, быйылкы бүтүрүүчү, бир тууганыбыз Айзаттын смартфону да кошо өрттөнүптүр. Азыр техника өнүккөн заманда телефонсуз көчөгө чыксаң, үйүңдү таппай каласың. Университетке каттоо да онлайн болгондуктан, бир топ кыйынчылыктар жаралууда.

Ошого биз, жакындары телефонго акча чогултуп баштадык. Четте карап турууну каалабагандар, бизге кошулсаңар болот. Анүчүн:
0706190724
0706190724
0706190724
Номерине акча салуу аркылуу салым кошо аласыңар. Бир суунун акчасын болсо да кайрымдуулукка жумшаса болот. Болгону чын жүрөктөн чыкса болгону. Силерден келген 1 тыйын да бизге маанилүү.
Эгерде, жумшай албаймын десеңер, бул катты башкалар менен бөлүшүп койгула. Мүмкүн алар кайрымдуулук кыла албай жүргөндүр. Аллах баарыбыздан ыраазы болсун!