Get Mystery Box with random crypto!

Бала- БАКЫТ! Чын эле... Балдарсыз бир күндү элестетип көрсөңөр | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Бала- БАКЫТ!
Чын эле... Балдарсыз бир күндү элестетип көрсөңөр. Жашоосуна таарынган адамдар, эч себепсиз каш чыткандар, кансыз, ою менен согушкандар... Күнөөгө толгондорду Жер көтөрө албай же кусуп иймек, же жутуп алмак.

Балдардын бары кандай жакшы. Алардын таптаза жан дүйнөсү, булуттар каптап калган асманда жарк эткен күндөй күлкүсү, бул дүйнөнү, андагы жырткыч адамдарды капарына албай чын дилинен чыккан күлкүсү... Капалыгыңды унуттурган күлкүсү. Дартка дабаа болгон күлкү түбөлүккө калуусу үчүн, биз, чоңдор, күнөөлүүлөр, колубуздан келген аракетибизди жумшайбыз, ИншаАллах!
Алардын жөн гана бул дүйнөдө барына шүгүр кылуу жана болгон мээримди берүү гана керек.
Келечектеги мамлекеттин ахыбалы ушулардан көз каранды. Мээримде чоңойгон патриот уулдар башкарабы ,же ур- соккуну көргөн зөөкүрлөргө калабы?

Жаш балдардын болгону кандай жакшы...
Биздин жашообузду түскө боёп тургандар, майрамыңар кут болсун!