Get Mystery Box with random crypto!

Салам, достор! Мен келдим, урушпай тургула. Көп убакытка акт | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Салам, достор! Мен келдим, урушпай тургула. Көп убакытка активдүү болбой койдум, мойнума алам. Сагындыңарбы? Жаңы идея, жаңы бурулуш жасоону ниет кылып келатам.

Ошо, кандайсыңар анан? Эмне жаңылыктар? Жашооңор кандай?

"Кандай бурулуш экен" деп кызыгып калдыңарбы? Көп создуктурбай айтайын:
Акыркы убакта акырында илеп белгиси менен турган сөздөрдөн көңүлүм айный баштады. Тагыраагы, мотивация берген сөздөрдөн. Кайда баш бакпа баары- мотивация. Ошогоо, каналдын тематикасын китептеги жашоого, өзүмдүн жашоомдогу окуяларга, кээ бир эксперименттерге анан силерге/биздерге кызыктуу болгон темаларга басым жасасам кандай дейсиңер? Каршы болбойсуңар го, ээ? Текст суроо белгиге толуп кетти, жооп бербесеңер болбойт эми. Жакшы эс алгыла.