Get Mystery Box with random crypto!

•••••••••••••••••• Жолдо баратканбыз. Узун жол. Тегиз. Жолду б | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

••••••••••••••••••
Жолдо баратканбыз. Узун жол. Тегиз. Жолду бойлой теректер. Ары жагы бак. Жаңгактар катар тизилген. Жомоктогудай... Күн төбөдө. Айлана жап-жашыл. Жолдо жалгыз биздей. Бизден башка эч ким жоктой.

Машинебиз зуулдап баратат. Рульдагы байке ачуулуу. Же шашып жатабы? Билбейм. Бул нерселерге алагды болбой, жаратылышка гана суктанып, жаратылыш менен гана сырдашкым келет. Ошентип да атам. Бир убакта, 3 секунддун ичинде кантип башымды алдыңкы орундуктун сөйкөнгүчүнө уруп, кайра өз жайыма келип калганымды сезбей калдым...