Get Mystery Box with random crypto!

Оскар Уайльд 'Портрет Дориана Грея' Мурда көп ойлончумун: ич | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Оскар Уайльд "Портрет Дориана Грея"

Мурда көп ойлончумун: ички дүйнөбүз менен сырткы дүйнөбүз алмашып калганда эмне кылмакпыз?
Кылган күнөөлөрүбүз жүзүбүздү карартса, аны эч кандай косметика жаап жашыра албаса...?

Оскар Уайльд бул чыгармасында адамзаттын түбөлүк көйгөйлөрү жөнүндө сөз козгойт. Жашоодо эмне көбүрөөк маанилүү? Сулуулукпу? Жаштыкпы? Же таза намыспы?

Жаштыктын доорундагы абдан сулуу Дориан, Безил аттуу сүрөтчүнүн илхомуна айланат. Сүрөтчү Дориандын портретин түшүрүүсү, Дориандын өз сулуулугуна ашык болуусу жана ага карап туруп айткан акылга сыйбас тилегинин орундалуусу менен автор окурманды жашоо жөнүндө тереңирээк ойлонууга түртөт. Анын тилеги: өзү эч картайбай, азыркы сулуулугун сактап калышы жана өзүнүн ордуна портреттин картаюусу болчу
...

Көп нерсе айткым келип турат, ошол эле учурда өзүңөргө таштоону туура көрүүдөмүн. Сөз сезимибизди дайыма эле толук жеткире албайт. Угуу башка, сезүү кыйыныраак. Жакшысы да ошол.

Биринчи мүмкүнчүлүктө сөзсүз окушуңарды сунуштайм. Убактыңар бошко кетпейт.

ТОП 10 классикалык чыгармалардын алгачкы тизмелеринен орун алды. Буюрса, дагы көп жолу кайталап окуйм.))
#китепсунуштайм