Get Mystery Box with random crypto!

- Биринчи болуу баарынан кыйын экенин билдиң беле? Билген жокс | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

- Биринчи болуу баарынан кыйын экенин билдиң беле? Билген жоксуң да. Бул өзү жеңил иш эмес. Биринчинин жолу да, тагдыры да татаал болот. Биринчи биринчи жаңылат, ошол "күнөөлүү" аталат. Кудай сага биринчилмкти бербегенде тагдырың мындай болмок эмес. Мен көптү көрдүм го. Биринчи болуудан коркпогондон кийин, анын азабына да чыдай билгиниң. Корккондор биринчи боло алышпайт. Алар чыйырдан олжо издешет, анан анын кызыгына батып, атак даңкына бөлнгүлөрү келишет. Балким, сенин да ошондой досторуң бардыр? Бар эмей анан? Адам болгондон кийин баары болот. Ошолор биринчи болгусу келет. Биринчи болсо болсун, бирок тарых деген тарых, биринчини ошо тарых айтат.

"Чагылгандын көз жашы" китебинен
#китептенүзүндү