Сахл (р.а) айтат: "Аллах Тааланы сүйүүнүн белгиси- Аллахтын китебин сүйүү. Аллах Тааланын жана Анын китебин сүйүүнүн белгиси- Пайгамбарыбыз (соллалооху алейхи уассалам)ды сүйүү. Пайгамбарыбыз (соллалооху алейхи уассалам)ды сүйүүнүн белгиси- Анын сүннөтүн аткаруу. Анын сүннөтүн аткаруунун белгиси- бул дүйнөнү сүйбөө. Бул дүйнөнү сүйбөөнүн белгиси- акыретке азык боло турганынан ашыкчасын тутунбоо.