Get Mystery Box with random crypto!

Бул Рамазан мага эмне үйрөттү? Эртеңдер бүтпөшүн жаакшы эле | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Бул Рамазан мага эмне үйрөттү?

Эртеңдер бүтпөшүн жаакшы эле далилдедим окшойт, ээ? Эртең деген бойдон жоголуп...

Чынында жаза тургандарым, айта тургандарым өтө көбөйүп кетти. Ошон үчүн кыска- нуска жазганга аракет кылам))

Кудайга шүгүр, баарыбыз мусулман үй-бүлөдө төрөлүп чоңойдук. Бул үчүн чексиз шүгүр.
Бирок, бул биздин (толук) мусулман болгонубузга далил эмес да. Тагыраагы, динибизди көзүбүздү чооң ачып, изилдешибиз керек. Орусча айтканда ар бир ибадатты "осознанно" аткарышыбыз керек экен.

"Аллахтын алдындагы даражаңды билгиң келсе, Ал сени эмнелер менен алек кылып койгонуна кара"

Дал сенин мусулман болуп жаралууң- чоң бакыт!

Буга чейин "түндө бир иш бүтүргөн берекелүү" деп жүргөн болсом, бул Рамазанда таңдын берекесинин даамын татып оюман кайттым.

Бизди жараткан Аллах- биз үчүн эмненин жакшы, эмненин жаман экенин билет! Ошон үчүн багымдаттан кийин ырыскы бөлүштүрүлөөрү динибизде айтылып келет экен көрсө.
А кийин түнкү, айрыкча 22:00-3:00 арасындагы уйкунун маанилүүлүгүн докторлор далилдеп чыгышты.

Жашообузга Улуу Жол Башчыбыз Пайгамбарыбыз (с.а.в)ды үлгү тутсак, сүннөт менен жашасак Эки дүйнөнүн бактылуулугуна жетишээр элек.

Мисалы: Пайгамбарыбыз (с.а.в) куптандан кийин дароо уктаган, хадистерде "куптандан кийин пайдасыз, дүйнө сөздөрүн сүйлөбөө(конок менен сүйлөшүүдөн сырткары) айтылат. Андан соң, баарыбызга маалым, Пайгамбарыбыз (с.а.в) тахажжудду такай окуган. Андан кийин эч уктабай түш оогон бир маалда сүннөт уйкусу болгон.

Көп болуп кетти, ээ? Калганы кийинкиге калсын...
Аягына чейин окугандар канча болот болду экен?