Get Mystery Box with random crypto!

Бул Рамазан айы мурда сөз кылгандай эле, напсини тарбиялоонун | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Бул Рамазан айы мурда сөз кылгандай эле, напсини тарбиялоонун айы.
БӨЛҮМ 1
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):

«Орозо, бул – калкан. Ошондуктан ким орозо кармаса, адепсиздиктен этият болсун, үнүн көтөрбөсүн, аны кимдир бирөө сөксө же урушууга чакырса, анда ал: «Мен орозо тутуучумун” деп айтсын.
(Муслим).


Аллах жандууларды үч түрдө жаратыптыр:
"1. Периштелер. Аллах периштелерге акыл берген, бирок күнөөгө жетелөөчү напси берген эмес.

2. Айбанаттар. Аллах айбанаттарга биздин түшүнүгүбүздөгүдөй акыл берген эмес, бирок напси берген.

3. Адамзат. Аллах адамзатка акыл да, напси да берген. Кимдин дене кумары акылына үстөмдүк кылса, Ал айбандан да төмөн абалга түшөт. Кимдин акылы напсине үстөмдүк кылса, ал периштеден да жогору деңгээлге жетет."

Биздин дарекке карата айтылган ачуу сөздөргө сабыр кылуу, ачууга алдырбоо жана жакшыга да, жаманга да жакшы жооп берүүнүн дагы напси менен болгон күрөш экенин билет белеңиз?
Демек, бул Рамазан айы болор-болбос напсибиз каалаган, күнөөгө жетелеген кагылышуулардан арылуубузга да себепчи болсун.