Үчүнчү бөлүм ТАМАК ЖӨНҮНДӨГҮ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (С.А.В)ДЫН ҮЛГҮЛҮ | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер
Үчүнчү бөлүм
ТАМАК ЖӨНҮНДӨГҮ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (С.А.В)ДЫН ҮЛГҮЛҮҮ ЖОЛДОРУ
Колду жуу жакшылыктын көбөйүүсүнө себеп.*
Анас(р.а) риваят кылат : Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: "Кимде-ким өз үйүндө жакшылыктын көбөйүүсүн кааласа, анда ал тамак келгенде жана жеп бүткөндөн киийн колун жуусун.
Тамакты "бисмиллях " менен баштоо*
Башында унутуп калса, "бисмиллахи аввалаху ва аахируху" ну окусун.
Сол кол менен шайтан жейт
Ибну Умар (р.а)дан риваят: Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: "Эч ким сол кол менен жебесин жана суу ичпесин. Анткени, шайтан сол кол менен жеп, ичет."
Өзүңө жакын жерден же
Умар бир Аби Салама (р.а )дан риваят:"Мен тамактын төрт тарабынан жеп жатсам, Пайгамбарыбыз (с.а.в) өз тарабыңдан же" -деп айтты.
Идишти тазалоо сүннөт
Жаабир (р.а)дан риваят: Пайгамбарыбыз (с.а.в) манжаларды жалоого, идишти тазалоого буюмду. Мындай деп да айтты: "Силер билбейсиңер тамактын кайсы бөлүгүндө береке бар." Дагы бир Нубайша (р.а) риваят кылган хадисте: " Кайсы идиштен тамак жеп бүткөндө, аны тазаласаң, ал идиш сен үчүн кечиримге дуба кылат."
Күкүм түшүп кетсе аны алып жеш сүннөт
Анас (р.а)дан риваят: Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: "Эгер силердин кайсы бириңердин тамагынан бир кесим тамагы түшүп кетсе, аны тазалап жесин шайтанга таштабасын."
(Уландысы бар...)
* - кийинчерээк мисалдар келтирилет.
#пайгамбарыбыздынсүннөттөрү