Get Mystery Box with random crypto!

Биринчи бөлүм. КУРАНДА СҮННӨТКӨ ЭЭРЧҮҮНҮН ЗАРЫЛДЫГЫ 'Эй, ый | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Биринчи бөлүм.

КУРАНДА СҮННӨТКӨ ЭЭРЧҮҮНҮН ЗАРЫЛДЫГЫ

"Эй, ыймандуулар, Аллахтан коркуп, Анын элчисин ээрчигиле" (Ал Имрон 32)


"Ким пайгамбарга баш ийсе (аны ээрчисе), албетте, ал Аллахка баш ийгени" (Ниса 80)

Анткени, Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын ар бир сөзү, кылган амалы Аллахтын өкүмү жана ыраазычылыгына ылайык.


"Ким Аллахка жана Анын элчисине баш ийсе, анда алар Аллах Өз мээримдүүлүгүн көргөзгөн пайгамбарлар, чынчылдар, динге бекемдер шейит болгондор менен бирге болушат. Алар эң сонун шериктер! (Ниса 69)
Аллахка, Анын элчисине толук эргешкендер, Аллахка өтө жакын ушул төрт даражадагы кишилер менен чогуу болушат.

"Анан дагы айт: " Эгер силер Аллахты сүйсөнңөр, анда мени ээрчигиле. Ошондо Аллах силерди сүйөт."" ( Ал Имрон 31)