Get Mystery Box with random crypto!

Урматтуу достор, кирип келе жаткан жаңы-жылыңар менен чын жүр | Аналогия, ЖРТга даярдануу

Урматтуу достор, кирип келе жаткан жаңы-жылыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм.Бул жыл баарыбыз үчүн жакшылыктарга бай жылдардан болсун. Алдыдагы ЖРТ сынагыңардан билим деңгээлиңерге татыктуу жакшы балл алышыңарга тилектешмин.Өз эмгегиңердин үзүрүн көргүлө. Үй -булөөбүздө ынтымак, бактылуулук болсун,Өлкөбүздө тынчтык болсун. Токчулук, молчулуктун,ырыскылуу жылдардан болсун. Тилеп жүргөн максатыбызга жетели,кыялдарыбыз орундалсын, ден-соолукта бололу


Келгиле ,азыр 1 мүнөткө көзүбүзду жумуп тилек кылалы.
Тилек кылдыкпы?
(Эски жылга берген жакшылыктары үчүн ыраазычылык айталы,жамандыктары үчүн дагы ,анткени жаман күндөр болбосо ,биз азыркыдай кыйын болууну,сынбоону,чыдоону, сабырдуулукту кайдан уйронмокпуз:))
Эмки жылы ушул күнү тилеген баардык тилектерибиз орундалганына шүгүр кылып, жылмаюу менен алдыга дагы максат койолу;)

Кана эмесе жакшы сөздөрүбүздү ,бири-бирибизден аябайлы:),Өз каалоонду жаза кет;)