2021-05-01 14:36:38
Сага жомок Аруу сезим..!
Сага алсыз мендеги кучтуу сезим,
Байкасам бул оюунду эскиртпейсин.
Дагы эле жаш журогум сени коздойт.
Дартыма ошондуктан дары издеймин.
Сага жомок мендеги сырдуу сезим,
Корушкондо конулун суз баш ийкейсин.
Муштумдай журогумо боорум ооруп,
Айла жок мен да сага баш ийкеймин.
Сага кара мендеги аппак сезим,
Ак сезимди кара кылып боёй бердин.
Кайырчыдай кап которгон журогумдун,
Капчыгына ыр толтуруп жардам бергин.
Сага кулку мендеги аруу сезим,
Тушуном шылдын кылып турган кезин.
Адашкан журогумду кыя албай,
Арзуу менен алышып кайгы жедим.
Сага жалган мендеги чындык сезим,
Билемин ал эмнеге алжыйт дейсин.
А мен болсо журогумдун бакыты учун,
Ааламда сага гана соз издеймин.
2.4K views11:36